# 27-берене. Балык уулоо продукциясы

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 27-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-27

---

1. Балык уулоонун продукциясына төмөнкүлөр кирет:

1) балык уулоо жана өндүрмөлүк балык кармоо объекттери, алардан иштелип чыккан балык продукциясы жана икра;

2) Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүнөн кармалган, алынган (даярдалган) же мыйзамдуу негизде сатып алынган суу омурткасыздары жана балык үчүн тоюттук объекттер.

2. Эгерде балык уулоо продукциясы жана аквакультура объекттери мыйзамдуу негизде алынса, алар балык чарбалык көлмөлөрдү пайдалануучулардын менчиги болуп саналат.

3. Балык уулоо жана аквакультура объекттери мыйзамсыз балык уулоо продукциясы болуп таанылат, эгерде алар төмөнкүдөй кармалса:

1) өндүрмөлүк балык уулоочулук документтери жок;

2) балык уулоочулук билеттери жана карточкалары жок;

3) тыюу салынган мөөнөттөрдө, тыюу салынган шаймандар жана ыкмалар менен, тыюу салынган жерлерде, тыюу салынган түрлөрдү;

4) белгиленген лимиттен (квотадан) жана балык уулоо ченеминен ашыкча.

4. Балык уулоо продукциясын жана балык уулоо объекттерин алардын алынышынын мыйзамдуулугун жана тамак-аш азыктарынын сапатына, коопсуздугуна туура келе турганын ырастоочу документтери жок сатууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-28)
