# 26-берене. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоо

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 26-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-26

---

1. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоо балык чарба субъекттери тарабынан төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо жаатындагы божомол-тапшырмаларды жана пландык иш-чаралары аткаруу;

2) балыктардын өндүрмөлүк түрлөрүнүн өндүргүчтөрүнүн урук чачуу жүрүмүнүн башталуу жана аяктоо мөөнөттөрүн суу биоресурстарын кармоо жана изилдөө жолу менен аныктоо;

3) суу экосистемаларынын ихтиофаунасын багыттуу түзүү, алардын түрдүк курамын жакшыртуу, ошондой эле балыктардын айрым баалуу түрлөрүн сактоо жана санын көбөйтүү жана алар жашаган ареалды кеңейтүү.

2. Суу биоресурстарын өндүрүп чыгаруу жана акклиматизациялоо максаттарында балык уулоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-27)
