# 20-берене. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 20-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-20

---

1. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) суу биоресурстарынын түрдүк курамын байытуу;

2) биологиялык мелиорациялоону жүргүзүү;

3) суу объектинин биоөндүрүмдүүлүк дараметин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кошумча продукцияны алуу.

2. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо жана кайра акклиматизациялоо суу биоресурстарынын аборигендик түрлөрүнүн популяцияларынын абалына терс таасирдин болушуна жол бербөө максатында жүзөгө ашырылат.

3. Аквакультура объекттерин интродукциялоо, акклиматизациялоо, кайра акклиматизациялоо жана/же көчүрүү суу биоресурстарын изилдөөнү жүзөгө ашыруучу илимий мекемелер иштеп чыккан илимий-биологиялык негиздеменин негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Илимий-биологиялык негиздемелерде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) жумуштардын максаты жана максатка ылайыктуулугу;

2) аквакультура объекттерин интродукциялоонун, акклиматизациялоонун, кайра акклиматизациялоонун жана (же) көчүрүүнүн шарттары;

3) балыктардын аборигендик түрлөрүнүн популяцияларынын абалына терс таасир кылууну же алардын жашоо чөйрөсүнүн, миграция жолдорунун начарлашын жокко чыгаруучу чаралар;

4) аквакультура объекттеринин көбөйүү шарттары.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-21)
