2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) аквакультура (балык өстүрүүчүлүк) - аквакультура объекттерин жасалма көбөйтүү, карап-күтүү жана өстүрүү боюнча ишмердик;
2) акклиматизация - суу объекттерине суу биоресурстарын байырлатуу жана бул түрлөр мурда жашабаган же өзүнүн өндүрмөлүк маанисин жоготкон суу көлмөлөрдө алардын туруктуу популяцияларын түзүү боюнча ишмердик;
3) суу биологиялык ресурстар (мындан ары - суу биоресурстары) - табигый жана жасалма суу көлмөлөрдө табигый эркин абалда турган балыктар, омурткасыз суу жандыктары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
4) балык чарбалык маанидеги суу объекттери - балык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу же пайдаланыла турган табигый суу көлмөлөр жана суу сактагычтар, көлмөлөр жана дарыялар, ошондой эле алардын айрым участоктору (акваториялары);
5) балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу - балык чарбалык суу көлмөлөрдө балык запастарын калыбына келтирүү жана көбөйтүү максатында, жашоого жарамдуу стадияга чейин өстүрүлгөн жаш балык чабактарын кийин табигый жана жасалма суу көлмөлөргө коё берүү менен жаш балык чабактарын чыгаруу жана өстүрүү боюнча ишмердик;
6) квоталар - балык кармап алуу лимитинин бир бөлүгү, суу көлмөлөрдүн бекитилип берилген участокторунда жана балык уулоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө балыктын өндүрмөлүк түрүн уулоонун ар бир өзүнчө балык өндүрмөлүк субъект үчүн белгиленген көлөмдөрү;
7) лимит - балык уулоо үчүн аныкталган мөөнөттөрдө балык уулоо объекттерин кармап алуунун алардын түрлөрү жана балык чарбалык суу көлмөлөр боюнча жол берилүүчү, балык запастарынын туруктуу жашоосун жана өндүрүп чыгарылуусун камсыз кылуучу жалпы көлөмдөрү;
8) илимий мекеме - суу биоресурстарын балык чарбалык жактан изилдөөлөргө адистешкен илимий профилдик уюм;
9) суу биоресурстарын кармап алуунун жалпы жол берилген көлөмү - балык чарбалык суу көлмөлөрдө же балык уулоо участокторунда суу биоресурстарынын конкреттүү түрлөрүн бир жылда кармап алуунун (уулоонун) илимий негизделген чоңдугу;
10) аквакультура объекттери - көбөйтүү, карап-багуу же өстүрүү объекттери болуп саналган балыктар жапа башка суу биоресурстары;
11) көлдөгү-товардык балык өстүрүүчү чарбалары - суу көлмөлөрдө чарбалык жактан баалуулугу аз (керексиз) балыктарды кармоонун, аларда балыктардын өндүрмөлүк баалуу түрлөрүн байыр алдыруунун, өстүрүүнүн жана андан соң кармоонун эсебинен ихтиофаунаны толук же жарым-жартылай алмаштыруу жолу менен суу көлмөлөрдү балык чарбачылык пайдаланууну жакшыртуу жагында алектенген балык чарбалары;
12) балыктардын жашоо чөйрөсүн коргоо - балык ресурстарынын туруктуу жашоо жана өндүрүп чыгарылуу шарттарын сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталган ишмердик;
13) балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу чөйрөсүндөгү өндүрүштүк контролдоо - пайдалануучуларга бекитип берилген балык чарбачылык суу көлмөлөрдө же алардын участокторунда балык запастарын жана товардык балыкты коргоо функцияларын жүзөгө ашыруучу, балык чарба субъекттеринин егердик кызматынын ишмердиги;
14) жасалма көлмөдө балык өстүрүү - товардык балык продукциясын өндүрүү максатында, адам контролдогон шарттарда жасалма көлмөлөрдө жана суу толгон карьерлерде балыкты көбөйтүү жана өстүрүү боюнча айыл чарбалык ишмердиктин түрү;
15) балык өстүрүү продукциясы - андан ары өстүрүү жана товардык балыкты алуу максатында суу көлмөлөргө коё берүүгө арналган, белгилүү жаш курактык категориядагы балык (личинкалар, жаңы чабактар, жаш балыктар, бир жылдыктар, эки жылдыктар д.у.с.);
16) балык уулоочу жерлер - суу көлмөлөрдүн жана дарыялардын балыктын көбөйүшү, семириши, кыштоосу, миграциясы жана урук чачышы үчүн жагымдуу шарттары бар суу участоктору жана жайылмалары;
17) балык уулоо участоктору - балык чарбалык суу көлмөлөрдүн же дарыялардын өндүрмөлүк балык уулоону жүзөгө ашыруу, ошондой эле, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн белгилүү бир чектерде түзүлүүчү өзүнчө участоктору;
18) балык тукумун көбөйтүүчү материал - балык чарбалык суу көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында суу көлмөлөргө жана балык уулоо участокторуна коё берилүүчү жаш балык чабактары;
19) көлмөнүн же анын участогунун балык өндүрүмдүүлүгү - бир вегетациялык мезгилде суу аянтынын бир гектарынан балык массасынын кг/га менен эсептелүүчү өсүмү;
20) балык көбөйтүү - балык чарбалык көлмөлөрдө балыктандыруу үчүн балыктын баалуу түрлөрүнүн икраларын инкубациялоо жана жаш балык чабактарын өстүрүү;
21) балык чарбалык ишмердик - балык өстүрүүгө, балык уулоого, балык ресурстарын өндүрүп чыгарууга жана иликтөөгө байланышкан ишмердик;
22) суу объекттерин балык чарбалык мелиорациялоо - балык чарбалык маанидеги суу көлмөлөрдө гидрологиялык, гидрохимиялык жана экологиялык режимдерди жакшыртуу боюнча балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык жумуштардын комплекси;
23) балык чарбалык түзүлүш - балык чарбалык суу көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитип бергенден кийин, көлмөлөрдү пайдалануучу балык чарбасын жүргүзүү планына ылайык жүргүзүлө турган балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык, балык коргоо жана өндүрүп чыгаруу иш-чараларынын комплексин жүзөгө ашыруу, суу биоресурстарынын өндүрмөлүк запастарын жайгаштыруу, илимий иликтөөнү уюштуруу жана алар жөнүндө маалыматтарды тактоо;
24) балык чарбалык илимий изилдөөлөр - суу көлмөлөрдү жана балыктардын түрдүк курамын, аларды бөлүштүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн, балыктын өзүнчө популяциясынын биологиясын жана сандык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнүн шарттарын жана балык запастарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирбестен аларды кармоо мүмкүнчүлүгүн баалоону комплекстүү иликтөө;
25) балык чарбалык көлмө - балык чарбасын жүргүзүү үчүн колдонулуп жаткан же колдонула турган же балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн мааниси бар суу объекти;
26) садоктук балык өстүрүү чарбасы - балык тукумун көбөйтүүчү материалды жана товардык балык продукциясын садоктордо өстүрүүгө адистешкен чарба;
27) садоктук балык өстүрүү - атайын жабдылган же табигый же болбосо жасалма курулган көлмөлөрдө же садоктук курулмаларда балык өстүрүү;
28) садок - балыкты багуу жана өстүрүү үчүн түзүлүш, жасалма курулма;
29) балык чарба субъекттери - белгиленген тартипте пайдалануу үчүн берилген суу көлмөлөрдө же балык уулоо участокторунда балык өстүрүү, балык уулоо жана балык запастарын өндүрүп чыгаруу жаатында балык чарба ишмердигин жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар, анык ичинде коомдук бирикмелер;
30) товардык балык өстүрүү - товардык продукцияны алуу максатында балыктын байырлантылган түрлөрүн, башка суу биоресурстарын көбөйтүү жана өстүрүү боюнча ишмердик.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-2" title="2-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>