# 19-берене. Аквакультура чөйрөсүндөгү селекциялык-асылдандыруу жумушу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 19-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-19

---

1. Аквакультура чөйрөсүндөгү селекциялык-асылдандыруу жумушу "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Аквакультура объекттеринин генофонддук коллекциялары жана оңдоо-энелик үйүрлөрү алардын биоартүрдүүлүгүн сактоо, селекциялык асылдандыруу жумушун жүргүзүү жана тукум алуу максатында түзүлөт.

3. Аквакультура объекттеринин генофонддук коллекциялары жана оңдоо-энелик үйүрлөрү төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

1) суу биоресурстарынын сейрек учуроочу, жоголуп бараткан жана башка түрлөрүнөн;

2) аквакультура объекттеринин үйрөтүлгөн, генетикалык жактан баалуу формаларынан жана породаларынан.

4. Аквакультура объекттеринин генофонддук коллекциялары жана оңдоо-энелик үйүрлөрү мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте болушу мүмкүн.

5. Аквакультура объекттеринин генофондук коллекцияларын жана оңдоо-энелик үйүрлөрүн түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6. Селекциялык-асылдандыруу жумуштары боюнча иш-чараларды финансылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:

1) балык чарба субъекттеринин каражаттарынын;

2) ыктыярдуу төгүмдөрдүн жана башка булактардын.

7. Мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, балык чарба субъекттери, жарандар аквакультура объекттеринин асыл тукумдук (генетикалык) ресурстарынын улуттук экспорттук дараметин калыптандырууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-20)
