# 18-берене. Аквакультура объекттерине карата ветеринардык-санитардык талаптар

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 18-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-18

---

1. Аквакультура объекттерин өстүрүү үчүн курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана иштетүүдө ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары сакталууга тийиш.

2. Аквакультура объекттерине ээлик кылуучулар аквакультура объекттерин ветеринардык-санитардык талаптарга жана ченемдерге ылайык карап-багуунун жана тоюттандыруунун оптималдык шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.

3. Аквакультура объекттерин ташуу ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылышы керек.

4. Кыргыз Республикасынын аймагына аквакультура объекттерин алып келүү Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга, Эл аралык эпизоотикалык бюронун (ЭЭБ) документтерине жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Аквакультура объекттеринен алынуучу продукция калктын саламаттыгы үчүн коопсуздуктун санитариялык талаптарына туура келиши керек.

6. Аквакультура объекттерин оорулардан коргоочу вакциналарды жана башка каражаттарды колдонууга бул каражаттардын ченемдик-техникалык документтерге ылайык келиши жөнүндө ветеринариялык корутундунун негизинде жол берилет.

7. Ветеринариялык жана санитариялык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) адам жана аквакультура объекттери үчүн жалпы оорулардын келип чыгуусуна, жайылуусуна жана жоюлушуна контролду;

2) аквакультура объекттери аркылуу адамга жугуучу оорулардын келип чыгуусуна, жайылуусуна жана жоюлушуна контролду.

8. Аквакультура объекттеринин ээлик кылуучулары жана өндүрүүчүлөрү аквакультура объекттеринин саламаттыгы, карап-багылуусу, коё берилүүсү жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

9. Аквакультура объекттеринин жана алардан алынуучу продукциялардын ээлик кылуучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө аквакультура объекттеринин ооруларынын алдын алууну, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзүү жүктөлөт.

10. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген, аквакультура шартында көбөйтүлүүгө, карап-багылууга жана өстүрүлүүгө арналган аквакультура объекттери карантиндик изоляторлордо турууга тийиш.

11. Карантиндик изоляторлордо ар кыл жаш курактагы, ар кыл түрдөгү, ар түрдүү мамлекеттерден жана ар башка убактарда алып келинген аквакультура объекттерин бирге жайгаштырууга тыюу салынат.

12. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген аквакультура объекттери карантиндик изолятордун шартында аларды көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн биологиялык керектөөлөрүн жана биотехнологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жайгаштырылат.

13. Карантиндик изоляторлордо аквакультура объекттерин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык багып-кармоо шарттарынын эсеби жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-19)
