17-берене. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрү
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик, анын ичинде өндүргүч балыктардын үйүрлөрүн түзүү, карап-багуу, иштетүү, эсепке алуу балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикага ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрүн карап-багуу жана иштетүү балык чарба субъекттеринин эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрүн эсепке алуу үчүн реестр жүргүзүлөт. Аквакультура объекттеринин ондоо-энелик үйүрлөрүнүн реестрин жүргүзүү максатында менчигинде оңдоо-энелик үйүрлөр бар балык чарба субъекттери жыл сайын балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын болушу, түрдүк, жыныстык жана жаш курактык курамы жөнүндө маалыматтарды берет.
4. Аквакультура объекттеринин оңдоо-энелик үйүрлөрүнүн реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-17" title="17-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>