# 16-берене. Көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-16

---

1. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көлмөлөрдү пайдаланууга берүү жөнүндө келишим боюнча жайыттык аквакультураны жана товардык балык өстүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун берет.

2. Көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдаланууга берүү жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) келишимдин тараптары жана предмети;

2) келишимдин колдонулуу мөөнөтү;

3) өстүрүлүүгө жатуучу аквакультура объекттеринин түрдүк курамы жөнүндө маалыматтар (аквакультура объекттеринин тизмеги);

4) аквакультура объекттерин багууга жана көбөйтүүгө, анын ичинде өстүрүүгө арналган техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтар;

5) өстүрүлүүгө жатуучу аквакультура объекттеринин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнө карата талаптар;

6) көлмөнү балык чарбалык пайдалангандык үчүн акы, анын өлчөмүн, индексациясын, төлөм формасын, мөөнөттөрүн, аны төлөөнүн жана кайра кароонун тартибин, аны төлөбөгөндүк үчүн жоопкерчиликти көрсөтүү менен;

7) аквакультура объекттерин алып коюуну аныктоочу негиздер жана шарттар;

8) аквакультурада балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн төмөнкүлөрдү камтыган багыттары:

а) түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүү;

б) балык чарбалык маанидеги суу объектинен суу өсүмдүктөрүн алып салуу;

в) аквакультура объекттери суу көлмөлөргө коё берилген жерлерде алардын жеп коюлуусун болтурбоо максатында балыктардын жырткыч, баасы төмөн жана керексиз түрлөрүн алып коюу;

г) пайдалануу үчүн берилген балык өстүрүү участокторунда аквакультураны жүзөгө ашырууда суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча талаптар.

3. Балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жана ыйгарып коюуга тыюу салынат.

4. Аквакультура үчүн балык өстүрүү участогун берүүнүн тартиби, шарттары, мөөнөттөрү жана төлөмдүн өлчөмү, ошондой эле пайдалануу укугун токтотуунун тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-17)
