# 15-берене. Суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатындагы жумуштарды жүргүзүү

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 15-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-15

---

1. Суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатындагы жумуштарга төмөнкүлөр кирет:

1) суу биоресурстарын жасалма өндүрүп чыгаруу, аквакультура объекттерин байырлатуу жана акклиматизациялоо;

2) аквакультураны өндүрүү максатында суу объекттерин балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чаралар;

3) балык өстүрүүчүлүк жаңы кубаттуулуктарды (балык өстүрүүчү жана балык көбөйтүүчү заводдор, балык питомниктери, урук чачтыруу-өстүрүү чарбалары, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык станциялар, урук чачуу үчүн жасалма жайлар) жана балык өтүүчү каналдарды куруу жана иштеп жаткандарын кеңейтүү.

2. Төмөнкүдөй убактарда суу биоресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сактоо боюнча жумуштарды жүргүзүү:

1) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу капиталдык курулуш объекттерин курууда, реконструкциялоодо;

2) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу жаңы технологиялык процесстерди киргизүүдө;

3) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу башка ишмердикти жүзөгө ашырууда.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-16)
