Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатындагы жумуштарды жүргүзүү
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
1. Суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатындагы жумуштарга төмөнкүлөр кирет:
1) суу биоресурстарын жасалма өндүрүп чыгаруу, аквакультура объекттерин байырлатуу жана акклиматизациялоо;
2) аквакультураны өндүрүү максатында суу объекттерин балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чаралар;
3) балык өстүрүүчүлүк жаңы кубаттуулуктарды (балык өстүрүүчү жана балык көбөйтүүчү заводдор, балык питомниктери, урук чачтыруу-өстүрүү чарбалары, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык станциялар, урук чачуу үчүн жасалма жайлар) жана балык өтүүчү каналдарды куруу жана иштеп жаткандарын кеңейтүү.
2. Төмөнкүдөй убактарда суу биоресурстарын жана алар жашаган чөйрөнү сактоо боюнча жумуштарды жүргүзүү:
1) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу капиталдык курулуш объекттерин курууда, реконструкциялоодо;
2) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу жаңы технологиялык процесстерди киргизүүдө;
3) суу биоресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө терс таасир кылуучу башка ишмердикти жүзөгө ашырууда.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112193/st-15" title="15-берене - Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>