# 14-берене. Балык өстүрүү участоктору

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 14-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-14

---

1. Балык өстүрүү участогу балык чарбалык маанидеги суу объектинин акваториясынан же анын бөлүгүнөн турат.

2. Балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык өстүрүү участогу жайыттык аквакультураны жана балык уулоону жүргүзүү үчүн түзүлөт. Жасалма көлмөлөрдө жана суу толгон карьерлерде балык өстүрүү участогу түзүлбөйт.

3. Балык чарбасынын муктаждыктары үчүн балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык өстүрүү участокторунун чектерин аныктоо жана бөлүп көрсөтүү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-15)
