# 10-берене. Аквакультура объекттерине жана башка суу биоресурстарына карата менчик укугу

- Документ: [Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112193)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-марты № 35 "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2992/edition/1088010/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112193/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-10

---

1. Аквакультура объекттери мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турушу мүмкүн.

2. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан көбөйтүлүүчү, каралып-багылуучу жана/же өстүрүлүүчү аквакультура объекттери мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналат.

3. Балыктардын эндемикалык түрлөрүнүн популяциясын калыбына келтирүү үчүн жасалма өндүрүп чыгаруунун натыйжасында балык чарбалык көлмөлөргө коё берилген аквакультура объекттери мамлекеттик менчик болуп саналат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112193/st-11)
