# 15-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112192)
- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-мартындагы № 36 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2991/edition/1238210/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 15-берене (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-15

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Гидрометеорология иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартат:

а) гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, приборлорду же ушул объекттердеги жабдууларды бүлүндүрсө, бузса, уурдаса жана иштен чыгарса;

б) бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун коргоо аймактарындагы иштерди аткаруу тартибин бузса;

в) жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун сакталышын бузса;

г) болжолдорду берүүнүн тартибин бузса же бурмаласа, же болбосо маалымат булагын көрсөтпөсө, же финансылык пайда табуу максатында маалыматтык гидрометеорологиялык продукцияны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үчүнчү жактарга берсе.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-2)
