# 2021-жылдын 17-мартындагы № 36 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: 2021-жылдын 17-мартындагы № 36 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2991/edition/1238210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 17-мартындагы № 36 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (17.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112192

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 17-марты № 36 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-15)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Гидрометеорология иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчилик Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй учурларда жоопкерчилик тартат:

а) гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, приборлорду же ушул объекттердеги жабдууларды бүлүндүрсө, бузса, уурдаса жана иштен чыгарса;

б) бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун коргоо аймактарындагы иштерди аткаруу тартибин бузса;

в) жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун сакталышын бузса;

г) болжолдорду берүүнүн тартибин бузса же бурмаласа, же болбосо маалымат булагын көрсөтпөсө, же финансылык пайда табуу максатында маалыматтык гидрометеорологиялык продукцияны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үчүнчү жактарга берсе.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112192/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 26-мартындагы № 26 (3205) жарыяланды

Президент Кыргызской Республики

С.Жапаров

2021-жылдын 17-февралында

17 февраля 2021 года
