98-берене
Күчүндө · 12.03.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот бийлигинин эң жогорку органы болуп саналат.
2. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча сот процессинин катышуучуларынын кайрылуулары боюнча мыйзамда аныкталган тартипте сот чечимдерин кайра кароону жүзөгө ашырат.
3. Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.
4. Жогорку соттун чечимдери акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
Берененин тексти 12.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
98-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112190/st-98" title="98-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>