Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-берене
Күчүндө · 12.03.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүш-турушу кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьянын кынтыксыздык талаптарды бузуусу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяны жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болот.
2. Жергиликтүү соттун судьясы кынтыксыздык талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.
Конституцияда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аталган негиздер боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан бошотуу Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан жүзөгө ашырылат. Кынтыксыз жүрүм-турумдун талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьялык кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген судьялык жана укук коргоо органдарындагы кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.
3. Судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны конституциялык мыйзамга ылайык дайындаган орган тарабынан төмөндөгү негиздер келип чыккан күндөн баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
- судья каза болгондо;
- курагынын чегине жеткенде;
- өз ыктыяры менен кызматынан кеткенде же башка ишке которулганда;
- аны өлгөн же дайынсыз деп жарыялаганда;
- аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
- жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
- кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда.
4. Судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана башка жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.
5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.
6. Жергиликтүү соттун судьясын которууну (ротация) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.
7. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси судьялардан, үчтөн бири Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
8. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин уюштурулушу жана иши, ыйгарым укуктары жана түзүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Берененин тексти 12.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112190/st-96" title="96-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>