94-берене
Күчүндө · 12.03.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат.
Мыйзамда каралган тартипте жана учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.
2. Сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.
Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн. Атайын өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.
4. Соттордун уюштурулушу жана иш тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Берененин тексти 12.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
94-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112190/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>