# 83-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112190)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2989/edition/1088006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112190/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу, 83-берене (12.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-83

---

1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.

2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык өткөрүлөт.

3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, укуктуу болот.

5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын жеке өзүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-84)
