82-берене
Күчүндө · 12.03.2021 редакциясы
1. Жогорку Кеңеш депутаттардын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт.
2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдойт.
3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.
4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызмат орундарына дайындоо жана бошотуу тиешелүү комитеттердин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин жыйналышында жүргүзүлөт.
Берененин тексти 12.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
82-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112190/st-82" title="82-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>