# 81-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112190)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2989/edition/1088006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112190/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу, 81-берене (12.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-81

---

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коёт;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Элдик Курултай, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке жыл сайын отчёт берет. Жогорку Кеңештин Төрагасы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-82)
