44-берене
Күчүндө · 12.03.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасында улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилденет.
2. Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.
3. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин толук жана бирдей жүзөгө ашырууга, аларды эч кандай басмырлоосуз социалдык интеграциялоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга негизделген социалдык коргоо тутумунун иштөөсүн камсыз кылат.
4. Мамлекет ыктыярдуу социалдык камсыздандырууну, социалдык камсыз кылуунун кошумча түрлөрүн түзүүнү жана кайрымдуулук иш-аракеттерди колдоого алат.
5. Мамлекеттин социалдык иши жарандардын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш.
Берененин тексти 12.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112190/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>