# 113-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112190)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2989/edition/1088006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112190/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу, 113-берене (12.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-113

---

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет;

3) мыйзамдарда каралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112190/st-114)
