# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112189)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112189/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2988/edition/1049151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112189/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112189/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде:

а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"12-1) башка жерлер - айыл чарбалык эмес жерлердин түрү, аларга төмөнкүлөр кирет: кум, таш баскан жерлер, жарлар, шагылдуу жерлер, көчкү, эшилмелер, аскалар, мүрзөлөр, таштанды астындагы жерлер;";

б) 26-1-пункту "бузулган жерлер;" деген сөздөрдөн кийин "башка жерлер;" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112189/st-2)
