# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2988/edition/1049151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112189

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 17-марты № 33 Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112189/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде:

а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"12-1) башка жерлер - айыл чарбалык эмес жерлердин түрү, аларга төмөнкүлөр кирет: кум, таш баскан жерлер, жарлар, шагылдуу жерлер, көчкү, эшилмелер, аскалар, мүрзөлөр, таштанды астындагы жерлер;";

б) 26-1-пункту "бузулган жерлер;" деген сөздөрдөн кийин "башка жерлер;" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112189/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 21-22 (3200-3201) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
