# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112187)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112187/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2986/edition/1102524/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112187/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112187/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 29-главанын эскертүүсүнүн 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Кодекстин 217-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы жана тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары карай турган бузууларды кошпогондо, 217-217-5-беренелерде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.";

2) 217-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "билинген" деген сөздөн кийин ", кылмыштын, же болбосо жоруктун белгилерин камтыбаган" деген сөздөр менен толукталсын;

3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 217-1 - 217-5-беренелер менен толукталсын:

"217-1-берене. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтерсиз алып өтүү - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [217-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112187/st-217-2)
