# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112185)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112185/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2984/edition/1120442/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112185/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112185/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 55-пункт менен толукталсын:

"55) "Жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр" - параллелдүү иштөө жөнүндө эл аралык келишимдерге катышуучу-мамлекеттердин энергетикалык системаларынын бирикмесинде бирдиктүү жыштыктуу энергетикалык системалардын ишенимдүү параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында, иш жүзүндөгү электр кубаттуулугунун анын өтүүсүнүн суткалык графигинде билдирилген чоңдугунан четтөөлөрүн теңдемелөө боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан байланышкан чаралардын комплекси камтылуучу системалык оператор - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар.";

2) 282-14-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112185/st-2)
