# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2984/edition/1120442/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112185

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 26-февралы № 24 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112185/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 55-пункт менен толукталсын:

"55) "Жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр" - параллелдүү иштөө жөнүндө эл аралык келишимдерге катышуучу-мамлекеттердин энергетикалык системаларынын бирикмесинде бирдиктүү жыштыктуу энергетикалык системалардын ишенимдүү параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында, иш жүзүндөгү электр кубаттуулугунун анын өтүүсүнүн суткалык графигинде билдирилген чоңдугунан четтөөлөрүн теңдемелөө боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан байланышкан чаралардын комплекси камтылуучу системалык оператор - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар.";

2) 282-14-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112185/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 2-мартындагы № 16 (3195) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
