# Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2980/edition/1045058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө" мыйзамы (05.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112181

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 5-февралы № 19 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112181/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын курамынан Совет жана Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын жерлери чыгарылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112181/st-2)

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын схемалык карталары тиркемелерге ылайык бекитилсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112181/st-3)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагынын базасында жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын жерлеринин бөлүгүндө Базар-Коргон шаары түзүлсүн жана Базар-Коргон шаарына райондук маанидеги шаар статусу берилсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112181/st-4)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын схемалык карталары тиркемелерге ылайык бекитилсин.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112181/st-5)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши жана Базар-Коргон шаарынын мэриясы түзүлсүн.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112181/st-6)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 09-февралындагы № 10 (3189) жарыяланды

2. Ушул Мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык кеңешин таркатуу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
