Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 5-февралы № 19 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын курамынан Совет жана Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын жерлери чыгарылсын.
2-берене. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын схемалык карталары тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагынын базасында жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын жерлеринин бөлүгүндө Базар-Коргон шаары түзүлсүн жана Базар-Коргон шаарына райондук маанидеги шаар статусу берилсин.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарынын схемалык карталары тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши жана Базар-Коргон шаарынын мэриясы түзүлсүн.
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 09-февралындагы № 10 (3189) жарыяланды
2. Ушул Мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылдык кеңешин таркатуу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4213-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2020 · № 4213-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-январындагы № 4316-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-январындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2021 · № 4316-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4233-VI "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 09.12.2020 · № 4233-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-январындагы № 4328-VI "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз…Постановление · 20.01.2021 · № 4328-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-январындагы № 4329-VI "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз…Постановление · 20.01.2021 · № 4329-VI
- Кеңеш айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 6 "Кеңеш айыл аймагынын Кызыл участкасынан 1024 жашоочуну “Бабаш-Ата” шайлоо участкасына которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2021 · № 6