# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112180)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-январы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2022 года № 28 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Правительстве Кыргызской Республики на 2021 год и прогнозе на 2022-2023 годы»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112180#diff=1161131..1161132>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2979/edition/1161131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112180/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 6-берене (18.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

- 2021-жылга - 14841980,8 миң сом;

- 2022-жылга болжол - 11415118,0 миң сом;

- 2023-жылга болжол - 11415118,0 миң сом.

Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен өткөрүп берилүүчү ассигнованиелерди жыл ичинде бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгүндө тең өлчөмдө толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилген республикалык бюджеттин пайдаланылбай калган каражаттарынын калдыктары республикалык бюджеттин кирешесине өндүрүлүп алынбайт жана кезектеги бюджеттик жылга которулат.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

- 2021-жылга - 2742079,3 миң сом;

- 2022-жылга болжол - 2827204,0 миң сом;

- 2023-жылга болжол - 3012413,2 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын. (КР 2022-жылдын 18-апрелиндеги N 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-7)
