# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112180)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-январы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2979/edition/1161131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112180/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (18.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-12

---

1. Келишимдик негизде кызмат көрсөтүү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында жана толук акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Өздүк чыгашалардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен колдонулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө чегерилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112180/st-13)
