Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене
Күчүндө · 18.04.2022 редакциясы
1. Келишимдик негизде кызмат көрсөтүү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында жана толук акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Өздүк чыгашалардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен колдонулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө чегерилүүгө тийиш.
Берененин тексти 18.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112180/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>