# КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 "Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 "Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112173>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2972/edition/1193135/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112173.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 22-январындагы № 11 "Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112173

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 22-январы № 11 Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 конституциялык Мыйзамынын, КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112173/st-1)

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 24-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112173/st-2)

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112173/st-3)

(КР 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 114 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112173/st-4)

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы N 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112173/st-5)

"Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 1, 19-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Коррупциялык укук бузуу жөнүндө билдирген адамга коррупциялык укук бузуулардан кайтарылып алынган, мамлекеттин бюджетине келип түшкөн каражаттардын эсебинен бир миллион сомдон ашык эмес өлчөмдө акчалай сый акы төлөнүп берилет.

3. Сый акы төлөп берүү тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112173/st-6)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 29-январындагы № 7 (3186) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу

Т.Мамытов
