# КР 2021-жылдын 25-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 25-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2971/edition/1120432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 25-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112172

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 25-январы № 15 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112172/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8., 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [375-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112172/st-375)

төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын: "4-1. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына жеткирүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС төлөөдөн бошотулат. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаган учурда КНСтин суммасы төлөнүүгө тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112172/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 29-январындагы № 7 (3186) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу

Т.Мамытов
