Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене
Күчүндө · 15.01.2021 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 23-сентябры, № 143-150) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-пунктунун биринчи абзацында "9-статьясында" деген сөздөр "9-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 15-пунктунда:
а) үчүнчү абзацы "кылмыштардын" деген сөздөн кийин "жана (же) жоруктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ошол гарнизондун аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөбөгөн аскер кызматчыларынын тартиптик жоруктары боюнча кызматтык иликтөөнү дайындоого, аларды жоопкерчиликке тартууга, ал эми алар кылмыш жана (же) жорук жасаган учурда сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруу максатында тез арада аскердик прокурорго кабарлоого.";
3) 18-пунктунун үчүнчү абзацында "аскердик юстиция органдары менен (аскер соттору жана аскер прокуратурасынын органдары менен) бирге" деген сөздөр "аскер прокуратурасынын органдары жана соттор менен бирге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 20-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- гарнизондун өздүк курамы тарабынан жасалган окуяларды жана аскердик тартипти бузууларды өз убагында аныктоого, алардын эсебин алууга, алар тууралуу жана көрүлгөн чаралар жөнүндө гарнизондун зардалына баяндап турууга, ал эми мындан тышкары кылмыштар жана (же) жоруктар жана окуялар жөнүндө аскердик прокурорго кабарлоого; кылмыш жана (же) жорук жасаган аскер кызматчыларын издөөгө жана кармоого жардам берүүгө;";
5) 21-пунктунда:
а) биринчи абзацында "жоругун" деген сөз "укук бузуусун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацы "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 28-пунктунда "20-статьясына" деген сөздөр "20-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 40-пунктунда:
а) бешинчи абзацы "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөз менен толукталсын;
б) он төртүнчү абзацы "кылмыштар" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) жоруктар" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 41-пунктунун биринчи абзацында "22-статьясындагы" деген сөздөр "22-пунктундагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 50-пунктунда "(104-ст.)" деген сөздөр "(104-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 53-пунктунун он биринчи абзацында "(257-ст.)" деген сөздөр "(257-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 57-пунктунун бешинчи абзацында "202-216-ст." деген сөздөр "202-216-пункттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 70-пунктунун тогузунчу абзацында "23-статьяда" деген сөздөр "23-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 78-пунктунда "196-ст." деген сөздөр "196-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 112-пунктунун экинчи абзацында "(118-ст.)" деген сөздөр "(118-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 113-пунктунун биринчи абзацында "179-192-ст." деген сөздөр "179-192-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 116-пунктунун үчүнчү абзацында "(118-ст.)" деген сөздөр "(118-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 119-пунктунун жетинчи абзацында "Ушул статьяда" деген сөздөр "Ушул пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 125-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскердик антын бере элек, келген толуктоону даярдоонун тийиштүү программасын өздөштүрбөгөн, кылмыштарды жана (же) жоруктарды, тартиптик жоруктарды жасаган, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш, же болбосо кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчыларын, оорулуу жана ошол учурда өзүнүн моралдык-психологиялык абалы боюнча кароол кызматын өтөй албаган башка аскер кызматчыларын кароолго дайындоого тыюу салынат.";
19) 134-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"134. Кароолдун зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароолдун милдетин, кароолдун зардалынын нускамасын жана кароолдун бардык адамдарынын милдеттерин билүүгө;
- кароолдун жеке курамынан өздөрүнүн милдеттерин жакшы билүүсүн жана так аткаруусун, жогорку кыраакылыкты жана тартиптүүлүктү талап кылууга;
- эски кароолдун зардалынан тизме боюнча документтерди, ок-дарылар салынган үкөктөрдү, андагы мөөрлөрдү жана алардын ачкычтарын, ошондой эле, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарды кабыл алууга;
- эски кароолдун зардалы менен бирге сыртынан кароо менен нускамада көрсөтүлгөн эң маанилүү кайтарылчу объекттердин абалын, аларга жарык берүүнүн, тосмолорунун жана окоптордун оңдугун, ошондой эле кароол жайынын жана гауптвахтанын абалын жеке өзү текшерүүгө, ал эми бөлүштүргүчтөр же өзүнүн жардамчысы аркылуу калган кайтарылчу объекттердин абалын текшерүүгө; тозоттордогу жана кайтарылчу объекттердин тосмолорундагы табылган бардык оң эместиктер жөнүндө тозоттук ведомостко жазууга;
- белгиленген убакта нөөмөттү тозотторго жөнөтүүгө, мында бөлүштүргүчтөрдүн жана кароол сакчыларынын өздөрүнүн милдеттерин билүүсүн текшерүүгө жана аларга ар бир тозотто кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүгө;
- резервдик (контролдук-кайтаруу) топторунун дайыма күжүрмөн даярдыгына, транспорт каражаттарынын, байланыш каражаттарынын оңдугуна, кароолдун өздүк курамы тарабынан курал-жарактын жана дүрмөттүү октордун бузулбаган абалда күтүлүшүнө, октоо, ок чыгаруу эрежелеринин сакталышына жана мында коопсуздук талаптарынын аткарылышына, ошондой эле, тозотторго кеткен кароолдун бардык адамдары кароол жайына күйгүзүүчү жана тамеки тартуучу буюмдарын каптырып кетүүсүнө көз салууга;
- кароолдун ички тартибин кармоого (7-глава);
- тозоттон кайтып келген ар бир нөөмөттөн кийин кароолдун өздүк курамын күжүрмөн санактан өткөрүү менен резервдик топко бөлүүгө, өрт өчүрүү кокустугу чыкса нускамада көрсөтүлгөндөй тапшырманы аларга коюуга;
- суткасына эки жолудан кем эмес (анын бирин түн ичинде) сакчылардын кызмат өтөөсүн, кайтарылган объекттер менен тосмолордун абалын, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарынын оңдугун жеке өзү текшерүүгө, бул жөнүндө тозоттук ведомостко тийиштүү жазууларды жазууга; мына ушундай максатта өзүнүн жардамчысын жана бөлүштүргүчтөрдү мезгил-мезгили менен жөнөтүп турууга;
- сакчы чакырган же андан белгиленген убакта кызмат өтөө тууралуу билдирүү келип түшпөгөн учурда бөлүштүргүчтү (өзүнүн жардамчысын) жөнөтүүгө же тозотко өзү келүүгө;
- кароолдук жайга ага кирүүгө укуктуу адамдардан бөлөк эч кимди киргизбөөгө, мында 142 жана 143-пункттардын ченемдерин жетекчиликке алууга;
- кармалган шектүү адамдардын жана объектиге өткөрүү режимин бузуу менен кирүүгө аракет кылган адамдардын ким экендигин аныктоого, кыскача суракка алууга, ал эми зарыл болсо карап чыгууга, алар тууралуу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге билдирүүгө;
- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин бөлмөсүндөгү офицерлердин өздүк куралдары сакталган шкафтын кайтаруу сигналынын санкциясыз иштөөсүнүн себебин аныктоого жана зарыл болсо ал жакка жардамчысын (бөлүштүрүүчүнү) жиберүүгө;
- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин же анын жардамчысынын уруксаты менен кароолдун курамындагы ооруп калгандарды аскердик бөлүккө (кичи бөлүккө) же жакынкы дарылоо мекемесине жөнөтүүгө жана кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи аркылуу аларды алмаштырууну талап кылууга; кыш мезгилинде өздүк курамды үшүктөн сактоо боюнча чараларды көрүүгө;
- сакчы курал колдонгон ар бир учурда аны жеринде териштирүүгө жана бул тууралуу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндоого.";
20) 136-пунктунун бүткүл тексти боюнча "жорук" деген сөз "кылмыш жана (же) жорук же болбосо тартиптик жорук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 138-пунктунда:
а) жетинчи абзацында "(ушул Уставдын 254, 255-статьялары)" деген сөздөр "(ушул Уставдын 254 жана 255-пункттары)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) сегизинчи абзацында "248-статьясынын" деген сөздөр "248-пунктунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 142-пунктунда:
а) биринчи абзацында "(92-ст.)" деген сөздөр "(92-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацында "255-статьяда" деген сөздөр "255-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 143-пунктунун экинчи абзацында "142-статьяда" деген сөздөр "142-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 151-пунктунун биринчи абзацында "(132-134-ст.)" деген сөздөр "(132-134-пункттар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 152-пунктунун биринчи абзацында "217 жана 218-статьяларда" деген сөздөр "217 жана 218-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 153-пунктунун биринчи абзацында "159-ст." деген сөздөр "159-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 154-пунктунун экинчи абзацында "141-статьяда" деген сөздөр "141-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 156-пунктунун биринчи абзацында "(132-134-ст.)" деген сөздөр "(132-134-пункттар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) 162-пунктунда "157-161-ст." деген сөздөр "157-161-пункттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 163-пунктунун бешинчи абзацында "164 жана 165-статьяларында" деген сөздөр "164 жана 165-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
31) 167-пунктунда "166-статьясында" деген сөздөр "166-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
32) 173-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кароол сакчыларын тозотторго жөнөтүүнүн алдында алардын куралды октоолорунун жана тозоттордон кайтып келүүдө окту чыгарууларынын тууралыгына көз салууга (99, 100 жана 226-пункттар);";
33) 182-пунктунда:
а) бешинчи абзацында "аскердик кылмыш" деген сөздөр "жазыктык жазалануучу жосун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацында "100-статьяда" деген сөздөр "100-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
34) 194-пунктунун биринчи абзацында "179-185-статьяларда" деген сөздөр "179-185-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 196-пунктунун биринчи абзацында "179-192-статьяларында" деген сөздөр "179-192-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
36) 202-пунктунда "92-статьяда" деген сөздөр "92-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
37) 210-пунктунда "206-208-статьяларда" деген сөздөр "206-208-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) 218-пунктунун алтынчы абзацында "ушул статьяда" деген сөздөр "ушул пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
39) 220-пунктунун үчүнчү абзацында "(99, 100-ст.)" деген сөздөр "(99 жана 100-пункттар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 226-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"226. Тозоттордон келгенден кийин 99-пунктта көрсөтүлгөн ырааттуулукта куралдын октору чыгарылат. Адегенде эки кароолдун тең бөлүштүргүчтөрү куралдын окторун чыгарышат, андан кийин эски кароолдун бөлүштүргүчү: "Оңдон баштап бир бирден ОКТУ ЧЫГАР" деп команда берет.";
41) 230-пунктунун экинчи абзацында "(119-ст.)" деген сөздөр "(119-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 235-пунктунун экинчи абзацында "183-статьяда" деген сөздөр "183-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 238-пунктундагы "232-234-статьяларга" деген сөздөр "232-234-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 254-пунктунун биринчи абзацында "(92-ст.)" деген сөздөр "(92-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 256-пунктунун биринчи абзацында "255-статьяда" деген сөздөр "255-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 257-пунктунун биринчи абзацында "255-статьяда" деген сөздөр "255-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
47) 262-пунктунун үчүнчү абзацында "105-статьяга" деген сөздөр "105-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
48) 264-пунктунун биринчи абзацында "98-статьяга" деген сөздөр "98-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
49) 265-пунктунда "125-128-статьяларга" деген сөздөр "125-128-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
50) 267-пунктунун бешинчи абзацында "100-статьяда" деген сөздөр "100-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
51) 268-пунктунда "185-188-статьяларда" деген сөздөр "185-188-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
52) 269-пунктунун төртүнчү абзацында "259, 260-статьяларда" деген сөздөр "259 жана 260-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
53) 270-пунктунда "(232-235-ст.)" деген сөздөр "(232-235-пункттар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
54) 273-пунктунда "247-статьяга" деген сөздөр "247-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
55) 280-пунктунун биринчи абзацында "179-192-статьяларда" деген сөздөр "179-192-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
56) 284-пунктунун төртүнчү абзацында "277-279-статьяларда" деген сөздөр "277-279-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
57) 289-пунктунун экинчи абзацында "278-статьяда" деген сөздөр "278-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
58) 293-пунктунда "279, 280-статьяларга" деген сөздөр "279 жана 280-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
59) 294-пунктунда "281-статьяда" деген сөздөр "281-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
60) 299-пунктунун биринчи абзацында "289-295-статьяларда" деген сөздөр "289-295-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
61) 321-пунктунун биринчи абзацында "329-статьяда" деген сөздөр "329-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
62) 326-пунктунун биринчи абзацында "325-статьяда" деген сөздөр "325-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
63) 333-пунктунун алтынчы абзацында "332, 333-статьяларга" деген сөздөр "332 жана 333-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
64) 336-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"336. Маркумдун өлүгү (сөөгү) салынган табыттын жанына ардак кароолун коюунун убактысы гарнизондун зардалы (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан аныкталат. Кароол өз курамынын ичинен сакчылардын эки жубун коёт. Сакчылардын бир жубу маркумдун денеси (сөөгү) салынган табыттын эки жагына анын башынан эки кадам аралыкта, экинчи жубу - бутунун жанында турат. Сакчылардын ар бир жубу автоматтарды "төшкө такоо" абалында (карабиндер - "бутка" абалында) кармоо менен саптык туруу абалында бири-бирин бетме-бет карап турат. Сакчылардын сол каруусунда аза күтүү таңуусу болууга тийиш. Табыттын (сөөктүн) жанындагы сакчылар 324-пунктта көрсөтүлгөндөй алмаштырылат. Элдер жөнөгөн учурда жана табытты (сөөктү) жайга түшүргөндө сакчылар алмашылбайт.";
65) 340-пунктунун биринчи абзацында "339-статьяда" деген сөздөр "339-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
66) 351-пунктунун биринчи абзацында "346-350-статьяларда" деген сөздөр "346-350-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
67) 1-тиркемеде "20- жана 116-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 116-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
68) 2-тиркемеде "20- жана 120-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 120-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
69) 3-тиркемеде "20- жана 119-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 119-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
70) 4-тиркемеде "129-статьяга" деген сөздөр "129-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
71) 5-тиркемеде "103-статьяга" деген сөздөр "103-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
72) 6-тиркемеде:
а) "103- жана 105-статьяларга" деген сөздөр "103 жана 105-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункттагы "(247-ст.)" деген сөздөр "(247-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Пульт бөлмөсүндө төмөнкүлөр болууга тийиш:
- кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуу аппаратурасы;
- кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын жардамчысынын (оператордун) документтери (119-пункт);
- объектте орнотулган кайтаруунун техникалык каражаттарын пайдалануу боюнча колдонмо;
- стол жана орундуктар;
- жазуу прибору.";
73) 7-тиркемеде "101-статьяга" деген сөздөр "101-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
74) 8-тиркемеде "233- жана 298-статьяларга" деген сөздөр "233 жана 298-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
75) 9-тиркемеде "183-статьяга" деген сөздөр "183-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
76) 10-тиркемеде "128-статьяга" деген сөздөр "128-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
77) 11-тиркемеде "121-статьяга" деген сөздөр "121-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
78) 12-тиркемеде "26-статьяга" деген сөздөр "26-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
79) 13-тиркемеде:
а) "20- жана 26-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 26-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктунун экинчи абзацында "Офицерлерге, прапорщиктерге, мөөнөттөн ашык кызматтын аскер кызматчыларына, аскер кызматындагы аялдарга" деген сөздөр "Контракт кызматынын аскер кызматчыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
80) 14-тиркемеде:
а) "20, 23, 45, 163, 167, 196-статьяларга" деген сөздөр "20, 23, 45, 163, 167 жана 196-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) тиркеменин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аскер сотунун" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жорук жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндөгү жазага тартылгандар; кылмыш жасоого шектүүлөр же айыпталуучулар; соттун чечими менен камакка кармоого алынгандар. Соттолгон аскер кызматчылары айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин гарнизондук гауптвахтада кармалышат;";
г) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Аскер кызматчысы соттун токтому угузулган учурдан тартып соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылды деп эсептелет (жазаны өтөө мөөнөтү гауптвахтага коштоо үчүн аны кайтарууга кабыл алган учурдан тартып, ал эми өз алдынча бара жатканда - гауптвахтанын зардалы же аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кабыл алынган учурдан тартып эсептелет); соттук териштирүүгө чейин каралган убактысы жана гауптвахтада кармоо убактысы жаза өтөө мөөнөтүнө эсептелет. Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү ушул Уставдын 21-пунктуна ылайык эсептелет. Сотко чейинки өндүрүш мезгилинде кьшмьппка шектүүнү жана айыпталуучуну камакка кармоо мөөнөтү аны кармаган учурдан тартып прокурор жазык ишин сотко жибергенге чейин эсептелет.";
д) 10-пунктунда "гарнизондук аскер сотунун судьясынын" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын;
е) 13-пунктунун жетинчи жана онунчу абзацтарында "статьясынын" жана "статьясында" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "пунктунун" жана "пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 15-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Аскер кызматчыларын гауптвахтага кабыл алуу жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төмөнкү документтер негиз болуп саналат: жорук жасагандыгы үчүн камакка алуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү; кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан соттолгон аскер кызматчыларына соттун өкүмүнүн көчүрмөсү; тергөөчүнүн же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кармоо жөнүндө протоколунун көчүрмөсү; соттун камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомунун көчүрмөсү.";
з) "1. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары" бөлүгүнүн 18-пунктунда "тартиптик" деген сөз алып салынсын;
и) 31-пунктунун экинчи абзацында "гарнизондук аскер сотуна" деген сөздөр "сотко" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 15.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндөЗакон · 07.08.1998 · № 118
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112169/st-7" title="7-берене - Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>