# 6-берене

- Документ: [Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112169)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6 "Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112169/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2968/edition/1049939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112169/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (15.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112169/st-6

---

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 24-пунктунда "жоруктары" деген сөз "тартиптик жоруктары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25. Аскер кызматчылары бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы негиздерде жоопкерчилик тартышат.";

3) 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28. Аскер кызматчылары кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана (же) Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жазык жоопкерчилигин тартышат.";

4) 29-пунктунун төртүнчү абзацында "жоруктары" деген сөз "тартиптик жоруктары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 34-пунктунун биринчи абзацында "(32, 33-ст.)" деген сөздөр "(32 жана 33-пункттары)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 74-пунктунун алтынчы абзацында "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;

7) 91-пунктунда:

а) он үчүнчү абзацында "кылмыштардын" деген сөз "укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) он жетинчи абзацында "59-статьясында" деген сөздөр "59-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 96-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"96. Бригаданын штабынын зардалы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- штабдын жумушун уюштурууга жана ага күн сайын жетекчилик кылууга, аскерлердин жана кызматтардын түрлөрүнүн зардалдарынын ишин макулдашууга;

- бригаданын кичи бөлүктөрүнүн чыныгы абалын жана күч-кудуретин такай билүүгө, ошондой эле аларга коюлган милдеттерди аткаруунун жүрүшүн контролдоого;

- бригада штабынын офицерлери менен сабак өткөрүүгө, батальондордун штабдарын жана бригаданы башкарууну камсыз кылуучу. кичи бөлүктөрдү даярдоого жетекчилик кылууга;

- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын планын жана ядролук, химиялык жана биологиялык куралдардан коргонуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга, бригадада мобилизациялык ишине жетекчилик кылууга;

- бригаданын күжүрмөн даярдыгынын планын, бригаданын командирине түздөн-түз баш ийген кызмат адамдары жана штабдын офицерлери тарабынан кичи бөлүктөрдүн жана кызматтардын абалын текшерүү планын, бригаданын аскер кызматчыларынын өргүү графигин иштеп чыгууга, алардын аткарылышын контролдоого;

- ар бир офицердин жана прапорщиктин, ошондой эле штабдын жана өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн бардык сержанттарынын ишмердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча офицерлер менен такай иш жүргүзүүгө;

- бригадага келген толуктоолорду кичи бөлүктөр боюнча бөлүштүрүүгө;

- бригадада байланышты уюштурууга, байланыш каражаттарынын абалын жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө, жашыруун башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга, башкарууну автоматташтыруунун каражаттарын киргизүүгө;

- бригаданын командиринин жана улук командирлердин (зардалдардын) бардык буйруктарынын кичи бөлүктөргө жана кызматтарга чейин өз убагында жана туура жеткирилишин уюштурууга, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүгө; маанилүү буйруктарды жеке өзү берүүгө жана алардын аткарылышын текшерүүгө;

- бригаданын Күжүрмөн Туусунун жана ордендеринин, ошондой эле ардактуу тууларынын, белгилеринин, желекчелеринин жана алардын документтеринин туура сакталышын жана күтүлүшүн уюштурууга;

- бригадада кароол жана ички кызматтардын даярдыгын жана өтөлүшүн уюштурууга жана жумасына кеминде бир жолу текшерүүгө;

- нарядга турардын алдында бригада боюнча кезметчини, анын жардамчысын, текшерип өткөрүү пункту боюнча кезметчини жана бригаданын штабы боюнча кезметчини, ошондой эле иш сапарына кетип жаткан кичи бөлүктөрдүн командирлерин (командалардын зардалдарын) инструкциядан өткөрүүгө жана бул кичи бөлүктөрдүн (командалардын) бардык зарыл нерселер менен камсыз болушун текшерүүгө;

- бригадада адамдардын жана курал-жарактардын болушун, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушун жана алардын абалын такай билүүгө, ошондой эле аларды эсепке алууну күн сайын жетектөөгө;

- күжүрмөн даярдыктын эсебин алууга;

- бригаданын тарыхый формулярын жүргүзүүгө;

- курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын бар экендигин жана анын абалын, ошондой эле өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдөгү аларды сактоо тартибин уюштурууга жана жылына кеминде эки жолу текшерүүгө, сабактарда жана жумуштарда коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча аскер кызматчылары менен өткөн сабактардын сапатын контролдоого;

- жогору турган штабга зарыл болгон баяндамаларды өз убагында берүүгө;

- мамлекеттик сырларды коргоо жана маалыматтык. коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жеке өзү башкарууга, чечилүүчү тапшырмаларды жана жагдайдын шарттарын эске алуу менен, жашыруун маалыматтар чыгышы мүмкүн болгон каналдарды жабуу боюнча чараларды көрүүгө;

- террористтик коркунуч деңгээлдерине ылайык бригаданын өздүк курамынын аракеттери боюнча документтерди иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоого.";

9) 98-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- бригадада укук бузууларды, окуяларды жана тартиптик жоруктарды эсепке алууга;";

10) 106-пунктунун алтынчы абзацында "126, 127-статьяларына" деген сөздөр "126 жана 127-пункттарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 107-пунктунда "107-109-статьялардын" деген сөздөр "107-109-пункттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 110-113, 114-123-пункттарда "107-109-статьяларда" деген сөздөр "107-109-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 124-пунктунда "90-92-статьяларга" деген сөздөр "90-92-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 131-пунктунун онунчу абзацында ", ошондой эле кылмыштарды, окуяларды жана тартип бузууларды" деген сөздөр алып салынсын;

15) 133-пунктунун он экинчи абзацында "кылмыштардын" деген сөз "укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 151-пунктунун онунчу абзацында "жоруктары" деген сөз "тартиптик жоруктары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

17) 153-пунктунун он биринчи абзацында "жоруктары" деген сөз "тартиптик жоруктары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 195-пунктуңда "194-статьяда" деген сөздөр "194-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

19) 253-пунктунда "375-статьяда" деген сөздөр "375-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 259-пунктунда "(163-ст.)" деген сөздөр "(163-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

21) 291-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- суткасына кеминде эки жолу (анын ичинде түн ичинде бир жолу) суткалык наряддын кызмат өтөшүн жана кичи бөлүктөрдө ички тартиптин сакталышын жеке өзү текшерүүгө, кылмыштардын жана (же) жоруктардын, окуялардын, тартиптик жоруктардын алдын алуу, коопсуздуктун талаптарын бузууга жол бербөө боюнча, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүгө; кылмыштын жана (же) жоруктун белгилери аныкталган учурда, бул тууралуу Аскер прокуратурасынын органдарына билдирүүгө, зарыл болгондо жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө жана кылмыш жана (же) жорук жасалган жерди кайтарууну уюштурууга;";

22) 362-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"362. Күжүрмөн кезметке (күжүрмөн кызматка) Аскердик антын бере элек, белгилүү көлөмдөгү тийиштүү даярдык программасын өздөштүрбөгөн, оорулуу, ошоңдой эле кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн жазыктык сот өндүрүшү же болбосо кызматтык иликтөө жүрүп жаткан аскер кызматчыларын дайындоого тыюу салынат.";

23) 385-пунктунда "374-статьяда" деген сөздөр "374-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 398-пунктунда "256-259-статьялардын" деген сөздөр "256-259-пункттардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

25) 401-пунктунун экинчи абзацында "261-263-статьяларга" деген сөздөр "261-263-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

26) 402-пунктунда "307, 308-статьяларга" деген сөздөр "307 жана 308-пункттарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

27) 403-пунктунда "410-статьяга" деген сөздөр "410-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;

28) 406-пунктунда "237-статьяга" деген сөздөр "237-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;

29) 411-пунктунда "408-статьяда" деген сөздөр "408-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;

30) 430-пунктунун экинчи абзацында "статьяларында" деген сөз "пункттарында" деген сөзгө алмаштырылсын;

31) 434-пунктунун биринчи абзацында "288-293-статьяларды" деген сөздөр "288-293-пункттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

32) 436-пунктунда "303-306-статьяларда" деген сөздөр "303-306-пункттарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

33) 438-пунктунун биринчи абзацында "307, 308-статьялар" деген сөздөр "307 жана 308-пункттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

34) 9-тиркеменин 1-пунктунун биринчи абзацында "жорук-жосундар" деген сөздөр "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

35) 10-тиркеменин 3-пунктунун он алтынчы абзацында "(214-ст.)" деген сөздөр "(214-пункт)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

36) 17-тиркеменин мамлекеттик тилдеги текстинде "292-беренеге" деген сөздөр "292-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112169/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112169/st-7)
