5-берене
Күчүндө · 15.01.2021 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ("Эркин Тоо" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пунктунда:
а) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кызмат өтөөнүн эрежелерин бузуу байкалары менен дароо четтетүүгө жана аскердик бөлүктүн (кичи бөлүгүнүн) аскердик жөндөмүнө зыян келтирүүчү ар кандай аракеттерге чечкиндүү бөгөт коюуга, укуктук пропаганданы уюштурууга жана укук бузууларды жана окуяларды алдын алуу боюнча иш жүргүзүүгө;";
б) сегизинчи абзацында "кылмыштарды жана жорук жосундарды" деген сөздөр "кылмыштарды жана (же) жоруктарды, ошондой эле окуяларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-пунктунун төртүнчү абзацында "кылмыш, жорук-жосундар" деген сөздөр "кылмыштар жана (же) жоруктар, окуялар жана тартиптик жоруктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-пунктунун экинчи абзацында "камакка алууга жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин" деген сөздөр алып салынсын;
4) 19-пунктундагы "11-статьяга" деген сөздөр "11-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарына контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына 20-пунктта көрсөтүлгөн, "в", "г", "е" жана "л" пунктчаларынан башка, сыйлыктар колдонулат.";
6) 25-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 26-пункттун "д" - "л" пунктчаларында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.";
7) 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, полктун (бригаданын) командири, дивизиянын командири, мындан тышкары 28-пункттун "в" жана "г" пунктчаларында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.";
8) 33-пунктунда "32-статьяда" деген сөздөр "32-пунктта" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 34-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 35-пункттун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.";
10) 36-пунктунда "32-статьясында" деген сөздөр "32-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 39-пунктунун экинчи абзацында "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы" деген сөздөр "солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 47-пунктунун үчүнчү абзацында "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы" деген сөздөр "солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 51-пунктунда "башка жорук-жосундарды (ушул Уставдын 39, 103-статьяларында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо)" деген сөздөр "башка тартиптик жорукту (ушул Уставдын 39 жана 109-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 52-пунктунда:
а) экинчи абзацында "жорук-жосундун" деген сөздөр "тартиптик жоруктун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Тартиптик жорук - укукка каршы, күнөөлүү аскер кызматчысынын өзүнө жүктөлгөн аскердик кызматынын милдеттерин аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу ошого тете, эгерде жасалган жосун бузуунун, жоруктун же болбосо кылмыштын курамын түзбөсө, аскердик уставдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген жүрүм-турум эрежелерин сактабоосу.";
15) 53-пунктунда:
а) пункттун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү сандык жана жөндөмө формаларындагы "жорук-жосун" деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү "мыйзамсыз аракеттер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Мыйзамсыз аракеттер - аскер кызматчыларынын укук бузуу курамынын белгилерин камтыган аракеттери.";
16) 54-пунктуна эскертүүдө:
а) экинчи абзацында "жасалган кылмыштын" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) жоруктун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскер кызматчысына карата тергөө судьясы же сот тарабынан кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом же аныктама чыгарылса;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- аскер кызматчысына карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан башка бөгөт коюу чаралары колдонулса.";
17) 55-пунктунун "д" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 56-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 57-пунктунда:
а) биринчи абзацында "Мөөнөтүнөн ашык кызматтагы сержанттар менен старшиналарга" деген сөздөр "Солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан аскер кызматчыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 58-пунктунда "55-статьянын "в", "г", "д" пункттарында" деген сөздөр "55-пункттун "в" жана "г" пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 63-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 64-пунктунда:
а) "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири мындан тышкары 65-пункттун "д" пунктчасында көрсөтүлгөн жазаны берүүгө укуктуу.";
23) 65-пунктунда:
а) "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) "з" пунктчасында "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы" деген сөздөр "солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 67-пунктунун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 68-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 70-пунктунда:
а) "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацында "11-статьяга" деген сөздөр "11-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 71-пунктунун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
28) 72-пунктунун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
29) 76-пунктунун экинчи абзацында "11-статьяга" деген сөздөр "11-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 79-пунктунун "а" жана "в" пунктчаларында "жорук-жосун" деген сөздөр "тартиптик жорук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
31) 80-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. 82-пунктта көрсөтүлгөн учурларда тартиптик жорукка жол берген аскер кызматчыларына карата зардалдар төмөнкүдөй тартиптик укуктарды пайдаланышат:";
32) 81-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. 79 жана 80-пункттарга ылайык жаза берген зардалдар бул туурасында тартиптик жорук жасаган аскер кызматчылары кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлерине билдиришет жана өргүү билетине, иш сапар күбөлүгүнө же жазма буйрукка тийиштүү белги коёт.";
33) 82-пунктунун биринчи абзацында "жорук-жосундарды" деген сөздөр "тартиптик жоруктарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
34) 84-пунктунда "жорук-жосундарды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 86-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86. Улуусунун көзүнчө кенжеси аскердик тартипти же аскердик учурашуу эрежелерин бузгандыгы үчүн улуусу кенжесине эскертүү кылууга милдеттүү, эгерде эскертүү таасир бербесе, аскердик уставдарда белгиленген башка чараларды колдоно алат.";
36) 89-пунктунда:
а) пункттун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жорук-жосун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "тартиптик жорук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө аскер кызматчысынын аракетинде кылмыштын жана (же) жоруктун курамынын белгилери камтылгандыгы аныкталса, анда аскер бөлүгүнүн командири аскер прокуроруна билдирет жана ага токтоосуз колдогу материалдарын жиберет.";
37) 90-пункттун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жорук-жосун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "тартиптик жорук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) 91-пунктунда:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"91. Тартиптик жорук жасаган аскер кызматчысына тартиптик жаза берүү бир суткадан кийин, жасалган тартиптик жоругу жөнүндө командирге (зардалга) белгилүү болгон күндөн же кызматтык иликтөө (териштирүү) бүткөн күндөн тартып 30 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Тартиптик жаза берүүдө командир (зардал) баш ийүүчүнүн жеке беделин түшүрбөөгө жана оройлукка жол бербөөгө тийиш.";
б) мамлекеттик тилдеги текстинин экинчи абзацында "саналат" деген сөз "саналбайт" деген сөзгө алмаштырылсын;
39) 94-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94. Бир эле тартиптик жоругу үчүн бир нече тартиптик жаза колдонууга же бир жазаны экинчиси менен бириктирүүгө, түздөн-түз күнөөлүүлөрдү жазалоонун ордуна бөлүкчөнүн бүткүл өздүк курамына жаза берүүгө тыюу салынат.";
40) 95-пунктунун биринчи абзацында "жорук-жосундун" деген сөздөр "тартиптик торуктун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
41) 96-пунктунун экинчи абзацында "жорук-жосундун" деген сөздөр "тартиптик жоруктун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
42) 97-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97. Жасаган кылмышы жана (же) жоругу үчүн, ошондой эле мамлекетке келтирген материалдык зыяны үчүн тартиптик жаза тарткан аскер кызматчысы жазык жана (же) материалдык жоопкерчиликтен бошотулбайт.";
43) 101-пунктунун биринчи абзацында "100-статьясында" деген сөздөр "100-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 104-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"104. Аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо менен камакка алуу соттун чечими менен колдонулат. Аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо менен камакка алууну аткаруунун тартиби 4-тиркемеде баяндалган.";
45) 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"108. Аскер кызматчыларын аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу алар кызматына ылайык келбегенде жана аскер кызматчысынын ар-намысын жана кадыр-баркын булгаган учурларда, ошондой эле эгерде аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорго ылайык анын белгиленген талаптарына жооп бере албай калганда жүзөгө ашырылат.";
46) 109-пунктунун "б" пунктчасындагы "ашык мөөнөттүү кызматтагы" деген сөздөр "солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
47) 111-пунктунда:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ушул Уставдын 39 жана 106-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аскер кызматчысына салынган тартиптик жаза бир жыл өткөндө алынып салынбаса жана ал ушул мезгилдин ичинде башка тартиптик жорук жасабаса, анда "Жазалар" деген бөлүмдүн тийиштүү графасында мөөнөтү өткөндөн кийин жаза алынып салынгандыгы жөнүндө белги коюлат.";
б) "б" пунктчасында "ашык мөөнөттөгү" деген сөздөр "солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
48) 112-пунктунун экинчи абзацында "Мөөнөттүү ашык кызматтагы" деген сөздөр "Солдат, сержант жана старшина курамдарынын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жатышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
49) 1-тиркемеде "20-ст." деген сөздөр "20-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
50) 2-тиркемеде:
а) "111-ст." деген сөздөр "111-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "Жорук-жосун качан жасалды" деген сөздөр "Тартиптик жорук качан жасалды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
51) 3-тиркемеде "127-статьяга" деген сөздөр "127-пунктка" деген сөздөргө алмаштырылсын;
52) 4-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-тиркеме
Аскер кызматчыларынын одоно тартиптик жоруктарынын тизмеги жана камакка алууну аткаруу тартиби
1. Аскер кызматчыларынын одоно тартиптик жоруктарына төмөнкүлөр кирет:
- өз алдынча кетүү;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, аскер бөлүгүнөн бошонууга чыкканда, башка кызматка дайындалууда, которулууда, ошондой эле өргүүдөн, иш сапардан жана дарылоо мекемесинен кызматка жүйөлүү себептерсиз мөөнөтүндө келбей коюу;
- кызматка кечигүү же кызматтан өз алдынча кетүү, жүйөлүү себептерсиз кызматта үч сааттан ашык жок болуу;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат), гарнизондук, кароолдук, ички, чек аралык кызматтарды, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматтарды өтөө эрежелерин бузуу;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, этиятсыздыктан аскердик мүлктү жок кылуу, жоготуу, зыян келтирүү же бузуу;
- алкоголдук, баңгилик же токсиндик мас абалында кызматтык милдетин аткаруу, ошондой эле коомдук жайларда (аскер кийими менен) жүрүү;
- иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготууга алып келген коопсуздук талаптарын бузуу;
- башка укук бузуу курамынын белгилери жок болгондо, аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу;
- аскер кызматчынын өздүгүн ырастаган документти (кызматтык күбөлүктү), же номердүү металл мөөрлөрдү атайьш бузуу же этиятсыздыктан жоготуу;
- аскер кызматчысынын гарнизондун чегинен тышкары чыгуу тартибин бузуусу;
- кызматтан тышкаркы мезгилде коомдук жайларда жасалган тартиптик жоруктар.
2. Аскер кызматчысын гауптвахтада кармоо менен камакка алуу жөнүндө соттун чечимин аткаруу аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командачылыгына жүктөлөт.
Камакта отурган убакыт аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелбейт.
3. Камакка алууга соттолгон бардык аскер кызматчыларынан камакка алууну аткарган адамдар тарабынан алардын курал-жарактары жана ок-дарылары, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынан андан тышкары тизим боюнча акчалары жана гауптвахтага ала кетүүгө болбой турган буюмдары алынып коюлат.
Камакка алынган аскер кызматчылары ордендерди, медалдарды жана ордендик ленталары менен планкаларды, ошондой эле төш белгилерди аскердик бөлүктүн штабына же гарнизондун аскердик комендатурасына сактоого тапшырышат. Камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтага жөнөтүүдө контракт кызматындагы аскер кызматчылары катарга тизилүү үчүн кийилүүчү күнүмдүк формасын, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары жумушчу формасын кийүүгө жана жылуу курткасын, же болбосо башка сырткы кийимин алууга тийиш. Андан тышкары, ар бир камакка алынуучунун сүлгүсү, жүз аарчысы, кошумча таза жакалары, жуунуп-тарануучу буюмдары жана кырынуу үчүн буюмдары болууга тийиш. Камакка алынган солдатка, сержантка (курсантка) жана старшинага башка буюмдарды, ошондой эле тутандыруучу жана чегүүчү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат. Камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларынын бардыгы гауптвахтага жөнөтөөрдүн алдында медициналык кароодон, зарыл учурда санитардык тазалоодон (мончодо жуунуу) өтүшөт жана кызматтык кийимдери дезинфекцияланат, бул туурасында ден соолугунун абалы тууралуу тиешелүү медициналык маалымкат берилет.
4. Камакка алууну аткаруу милдети жүктөлгөн адамдар гауптвахтада бош орундардын бар экендиги жөнүндө алдын ала билүүгө жана, эгерде зарыл болсо, коштоп жүрүүчүлөрдү талап кылууга милдеттүү.
Камакка алууга соттолгон аскер кызматчылары гауптвахтага аскер бөлүгүнүн (мекеменин) өкүлүнүн коштоосунда, ал эми зарыл болгон учурда кайтаруу менен жөнөтүлөт.
5. Камакка алууга соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтага жөнөтүү, аларды кайтаруу (коштоонун), тапшыруу жана кабыл алуу, ал жерде кармоо жана камактан бошотуу тартиби Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында баяндалган.".
Берененин тексти 15.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112169/st-5" title="5-берене - Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>