Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 15.01.2021 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- төртүнчү абзацында "кылык-жоруктарды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү же кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартип жазасы берилген аскер кызматчылары, ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасады жеп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылган аскер кызматчылары кезектеги аскердик наамды ыйгарууга сунушталбайт.";
в) 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскер кызматчысын кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу - бул чараларды колдонууну жокко чыгаруу жөнүндө алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун токтому чыкканга чейин, же болбосо жазык иши же болбосо жорук жөнүндө иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (жазыктык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин командирдин (начальниктин) карамагында болгондо;";
3) 14-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Алгачкы тергөө жана тергөө органдары сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан чакырылуучулар жана аскерге милдеттүүлөр жөнүндө, ал эми соттор - жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштери сот тарабынан каралып жаткан чакыруучулар жана аскер кызматчылары жөнүндө, ошондой эле аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр жөнүндө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына он күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.";
4) 15-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
5) 20-берененин экинчи абзацында "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
6) 21-берененин 1-бөлүгүндө "укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда" деген сөздөр "алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же болбосо сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 24-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "кылмыш иши козголсо" деген сөздөр "кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 29-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 30-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
10) 31-берененин 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскер кызматчысына жасаган кылмышы үчүн ага коомдон обочолотуу менен (анын ичинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп жазадан бошотуу менен) байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;";
11) 32-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацы "жалгыз бой энесинин" деген сөздөрдөн кийин "(атасынын)" деген сөз менен толукталсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан кызмат мөөнөтү аяктаган учурда ушул Мыйзамда белгиленген акчалай төгүмдөрдү төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылат, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын эсебине өткөрүп берилет. Мында акчалай салымдын төлөнгөн суммасы кайтарылбайт.";
в) 6-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эгерде ал кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо.";
12) 33-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"жазык иши жана же болбосо жорук жөнүндө иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (жазыктык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген. соттук өкүмү (токтому) чыкканга) чейин кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылган жарандарга";
б) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он сегиз жашка чейинки (же болбосо он сегиз жаштан ашкан, бирок I жана II топтогу майып болуп саналган) эки жана андан ашык балдары бар, жалгыз эмгекке жарамдуу энеси (атасы) болуп, колдонуудагы мыйзамга ылайык, алардын энеси (атасы) менен чогуу же өзүнчө жашаганына карабастан, энесин (атасын) багууга милдеттүү болгон эмгекке жарамдуу башка балдары жок болсо;";
13) 34-берененин 5-бөлүгүндө "укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан" деген сөздөр "алгачкы тергөө органдары, тергөөчү, прокурор же сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качкандыгы үчүн жорук жөнүндө иши боюнча чечим кабыл алынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 39-берененин төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 40-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "кылмыштарды жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 15.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112169/st-3" title="3-берене - Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>