6-берене
Күчүндө · 17.12.2021 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 декабря 2021 года № 152
1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.
2. Корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелердин штаттык санынын өзгөрүүсүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен, аларда бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча каржылоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.
(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 декабря 2021 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2021 год и прогнозе на 2022-2023 годы"Редакцияларды салыштыруу
17.12.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдарына 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын алынып салынды: бирикчи кошулду: биринчи кезектеги тартипте корголгон алынып салынды: беренелер жана кошулду: беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр кошулду: жана көмүр сатып алуу боюнча алынып салынды: каржылоо кошулду: каржылоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.
кошулду: (КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112161/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>