# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112161)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2021 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2021 год и прогнозе на 2022-2023 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112335)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161#diff=1117078..1117079>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2960/edition/1117078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112161/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-5

---

1. Мамлекеттик инвестициялар боюнча 2021-2023-жылдарга чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого 2021-жылы бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 6206500,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2021-жылга түзүлгөн тизмеде бекитилген объекттерди курууга жана реконструкциялоого багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом жумшалсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2021-жылга 526600,0 миң сом, 2022-жылга - 600000,0 миң сом, 2023-жылга - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-6)
