# 18-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112161)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2960/edition/1117078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112161/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 18-берене (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-18

---

1. Пилоттук министрликтердин 2021-2023-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.

3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:

1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;

2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруу үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктү) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-19)
