# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112161)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2960/edition/1117078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112161/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 14-берене (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-14

---

Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 4-пунктунда каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналыктын тутумунан тышкары бардык эсептерди жапсын. Көрсөтүлгөн ченемдерди бузганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-15)
