# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112161)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2021 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2021 год и прогнозе на 2022-2023 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112335)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161#diff=1117078..1117079>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2960/edition/1117078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112161/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 11-берене (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттеринин өлчөмдөрү чыгашалардын 1967300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2022-2023-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчиликтүү болот.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда, теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү кийинки үч жылда азайтылууга жатпайт.

(КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-12)
