# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112161)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2960/edition/1117078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112161/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө, 10-берене (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-10

---

1. Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн 2021-2023-жылдарга төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

2) сатуулардан салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча чекене сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

5) жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;

6) жер казынасын пайдаланганы үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

7) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке 93 пайыз өлчөмүндө;

8) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке 80 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112161/st-11)
