# 7-берене. Ыктыярдуу декларациялоо тартиби

- Документ: [Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112156)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 4-декабрындагы № 5 "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2955/edition/1110405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112156/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө, 7-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-7

---

1. Декларант декларациянын бланкын сатып алуу үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат.

2. Толтурулган декларация декларант же анын ишеним катынын негизинде иштөөчү өкүлү же мыйзамдуу өкүлү (мындан ары - өкүл) тарабынан ыйгарым укуктуу кызмат адамына төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:

1) декларанттын инсандыгын ырастоочу документти;

2) өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документти;

3) декларанттын өкүлүнүн укугун тастыктоочу документти;

4) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо үчүн тиешелүү төлөмдөрдүн төлөгөндүгүн тастыктоочу төлөм документтерин;

5) мүлктүн жана кирешелердин декларациялануучу объекттерине декларанттын менчик укугун тастыктоочу документтерди;

6) декларация толтурулган датага чейин ошол банктагы декларанттын эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасын ырастоочу банктын маалымкатын.

3. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларанттан же анын өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларант жөнүндө маалыматтардын анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерге жана ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык декларацияга тиркелүүчү документтерге шайкештигин гана текшерет жана декларацияда коюлган колдун анык экендигин күбөлөндүрөт жана кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрине кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларацияланган датаны жана ошол декларацияны тапшырган адамдын жеке маалыматтарын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык милдеттенмелерди аткарууну киргизет.

Ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык декларант тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылат.

4. Декларациянын мазмунуна тиешелүү башка маалыматтар ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестрине киргизилбейт жана эч жерде белгиленбейт.

5. Күбөлөндүрүлгөн декларация декларантта сакталат.

6. Декларант ыйгарым укуктуу кызмат адамына ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгилдин ичинде такталган декларацияны күбөлөндүрүү үчүн берүүгө укуктуу.

7. Декларант тарабынан такталган декларация берилген учурда баштапкы күбөлөндүрүлгөн декларация жараксыз деп таанылат.

8. Ушул беренеде каралган жол-жоболорду аткаруунун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн декларация, ал тапшырылган күнү декларантка берилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-8)
