# 6-берене. Декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин наркын баалоо тартиби

- Документ: [Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112156)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 4-декабрындагы № 5 "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2955/edition/1110405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112156/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө, 6-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-6

---

1. Декларациялануучу мүлктүн наркын баалоо укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин маалыматтарына ылайык же декларант тарабынан жол-жоболоштурулган бул мүлккө укуктарды сатып алуу боюнча келишимде көрсөтүлгөндөн айырмаланган мүлктү сатып алууга иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) нарк боюнча декларант тарабынан жүзөгө ашырылат.

Эгерде мүлктү сатып алууга карата жана/же мүлктүн наркы сатып алынган датага карата же ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү башталган датага карата каражаттардын келип чыгуу булактары документ түрүндө ырасталбаган учурда, декларант декларацияны толтуруу датасына карата өз алдынча баалоону жүзөгө ашырат.

2. Чет элдик валютада декларациялануучу акча каражаттарын баалоо декларация толтурулган датага карата КРУБдун курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.

3. Декларацияда акциялардын, уставдык капиталдагы үлүштүн, пайдын наркы акциялары, үлүшү, пайы декларациялануучу субъекттин бухгалтердик эсебинде чагылдырылган эсептик нарк боюнча көрсөтүлөт.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, баалуу кагаздардын наркы декларацияда рыноктук нарк боюнча көрсөтүлөт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-7)
