# 3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112156)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 4-декабрындагы № 5 "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2955/edition/1110405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112156/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө, 3-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-3

---

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) - ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөндөн кийин ушул Мыйзамда каралган тартипте мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылды деп таануу фактысын ырастоочу жекече катар номери бар, бир нускада толтурулуучу документ;

2) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо (мындан ары - ыктыярдуу декларациялоо) - ушул Мыйзамда каралган тартипте ыктыярдуу декларациялоо объекттерине болгон укуктарды декларациялоо менен байланышкан иш-аракеттер;

3) декларациялык босого - 70000000 (жетимиш миллион) сом өлчөмүндөгү мүлктүн жана кирешелердин наркынын декларациялануучу жыйынды суммасы;

4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк;

5) декларанттар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинде аныкталган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте милдеттенмелерди аткарган жеке адамдар. Ушул адамдар ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбөлөндүргөн декларацияны алган күндөн тартып декларант статусуна ээ болушат;

6) декларациялоо объекти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте мурда жол-жоболоштурулбаган (декларацияланбаган) жана/же башка адамга жол-жоболоштурулган, ошондой эле сатып алууга иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) нарктан айырмаланган, бул мүлккө карата укуктарды сатып алуу боюнча келишимде көрсөтүлгөн декларант тарабынан жол-жоболоштурулган нарк боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары табылган мүлк жана кирешелер;

7) мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр;

8) ыйгарым укуктуу кызмат адамы - ушул Мыйзам менен каралган тартипте декларацияны күбөлөндүрүүчү мамлекеттик нотариус.

2. Декларациянын формасы, аны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби, мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө декларациялардын реестринин формасы, ыктыярдуу декларациялоо объекттеринин классификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-4)
