# 1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112156)
- Толук аталышы: КР 2020-жылдын 4-декабрындагы № 5 "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2955/edition/1110405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112156/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө, 1-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында ыктыярдуу декларациялоо объекттери болгон жеке адамдар тарабынан 2020-жылдын 1-январына чейин кирешелердин эсебинен түзүлгөн жана/же сатып алынган мүлктү ыктыярдуу декларациялоо менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын максатында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар декларанттар болуп саналышат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112156/st-2)
