# 1-берене

- Документ: [Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112155)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 3 "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112155/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2954/edition/1102444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112155/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112155/st-1

---

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1-беренеде:

а) экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) төмөнкүдөй жер участокторуна:

а) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган;

б) айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар.";

б) бешинчи бөлүктө:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12 жана 13-пункттары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:";

- 4-пункт "ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн мурда "сот," деген сөз менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112155/st-2)
