2-берене
Күчүндө · 12.01.2024 редакциясы
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү тилөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 500-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.";
б) бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктан кошумча төлөө катары алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу пpoграммаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.";
2) 3-статьянын аталышында "тутумун киргизүүнүн максаты жана иштөө принциби" деген сөздөр "тутумунун максаты жана негизги принциптери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Бирдиктүү төлөөчүнүн функциясын аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында Бирдиктүү төлөөчү болуп базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.";
4) 5-статьянын төртүнчү-алтынчы бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бирдиктүү төлөөчү Жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызматтарын базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерин түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат. Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат.";
5) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Мамлекеттик органдардын жана Бирдиктүү төлөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер Пландаштырылуучу келип түшүүчү кирешелердин көлөмүндө Бирдиктүү төлөөчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө башка программаларды ишке ашыруу максатында орто мөөнөттүү келечекке бюджетти түзөт. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону жүзөгө ашырат. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогулган каражаттарды өз убагында жана толугу менен которот.".
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112144/st-2" title="2-берене - Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>